БШК бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты катары тааныды. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ага депутаттык мандат менен төш белгини тапшырды.
Мунун алдында БШК Чыңгыз Айдарбековдун жазган арызынын негизинде анан парламент депутаттыгына талапкерлигин жокко чыгарган.
Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.