Иран бийлиги өлкө тууралуу жашыруун маалыматтарды Израилдин чалгын кызматына өткөрүп берген адамга өлүм жазасын берди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып, Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Израил тарап менен кызматташып, өлкө тууралуу маанилүү маалыматтарды берген.
Аталган жаран душман менен кызматташуу учурунда Ирандагы жарандык коргонуу комитетинде жана уюштуруучу кызматтардын биринде эмгектенген.