АКШ союздаш өлкөлөрүн Кытай менен соода кылбоого үндөдү
АКШнын президентиДональд Трамптын администрациясы союздаш өлкөлөргө кайрылып, Кытайдан стратегиялык маанилүү минералдарды сатып алуудан баш тартууга үндөдү. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грир Вашингтондун өнөктөштөрүнө Кытайга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн кошумча чыгымдарга барууга туура келерин билдирген.
Мындан тышкары АКШ минералдар боюнча соода жүргүзө турган өлкөлөрдүн тобун түзүүнү көздөп жатканын ал топко Европа мамлекеттери да кириши мүмкүн экенин кабарлаган.