Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгынан эки кеме кармалганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ирандын аскер-деңиз күчтөрү уруксатсыз өтүүгө аракет кылган эки кемени - MSC-FRANCESCA (Израил менен байланыштуу деп айтылган) жана EPAMINODES - кемелерин кармап, Ирандын жээгине коштоп барган.
Иран тараптын билдирүүсүндө бул кемелер уруксат албай өтүүгө аракет кылып, деңиздеги коопсуздукка коркунуч жараткан деп айтылат.
Ошондой эле Иран тарап Ормуз кысыгындагы тартипти жана коопсуздукту бузуу - “кызыл сызык” экенин эскертти.