Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга элдешүү үчүн кошумча убакыт берүүгө даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу режимин дагы 3–5 күнгө узартууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Axios басылмасы америкалык аткаминерлерге таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Вашингтон Тегеранга кыска убакыт берип, тынчтык боюнча так сунуш иштеп чыгышын күтүп жатат. Бирок бул мөөнөт чексиз болбой турганы белгиленди.

Өз кезегинде Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи өлкө жаңы сүйлөшүүлөргө катышаарын же катышпай турганын азырынча чече электигин айтты. Ал АКШны позициясын тез-тез өзгөртүп, дипломатиялык процесске тоскоолдук кылууда деп айыптады.

Иран бийлиги сүйлөшүүлөр боюнча акыркы чечим өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жараша кабыл алынарын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Трамп элдешүүнү Иран тарап бирдиктүү позицияга келгенге чейин узарткан. АКШнын маалыматына караганда, соккуларды убактылуу токтотууга Пакистан ортомчу катары таасир эткен. Ошондой эле Вашингтон Иран ичинде саясий пикир келишпестиктер бар экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан