Израилдин президенти Ицхак Герцог Израил менен Ливандын ортосунда тынчтык жана достук мамиле орнотуу тууралуу пикирин билдирип, келечекте эки өлкө эли жакындашат деген үмүтүн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал Израилдин Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн кабыл алууда сүйлөп жатып, Бейрутка автоунаа менен барып, жергиликтүү тургундар менен таанышып, достошууну кыялданарын белгилеген. Президент Ливан эли менен бирге жакшы келечек үчүн тилек кылган адамдар көп экенин кошумчалады.
Ошондой эле Герцог Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерди Израил менен мамилелерди жөнгө салууга чакырып, Авраам келишимдери сыяктуу демилгелерге кошулуунун маанисин белгиледи. Анын айтымында, бул багытта Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы мисал боло алат.