Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу багытында иштер жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ал бул тууралуу НАТОнун генералдык катчысы Марк Рютте менен Анкарадагы президенттик комплексинде өткөн жолугушууда айткан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар НАТОнун алдыдагы лидерлер саммитине даярдык, альянстын күн тартиби, ошондой эле аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдү талкуулашты.
Эрдогандын айтымында, аймактагы туруксуз кырдаал НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара жардам жана тилектештиктин маанисин дагы бир жолу көрсөттү.
Ал Анкарада өтө турган саммитте альянстын ичиндеги биримдикти чыңдоого жана кризистерге ыкчам жооп берүү даярдыгын жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынат деген үмүтүн билдирди.