Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгын ачуу шарттарын атады

Иран АКШ ок атышууну токтотуу келишимин бузуп жаткан шартта Ормуз кысыгын ачпай турганын билдирди. Бул тууралуу Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф айткандыгын чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, толук кандуу тынчтык режими деңиз блокадасы жана дүйнөлүк экономиканы “барымтага алуу” сыяктуу аракеттер токтогондо гана мүмкүн болот. “Мындай одоно мыйзам бузуулар уланып турганда Ормуз кысыгын ачуу мүмкүн эмес”, - деп жазды ал X социалдык тармагында.

Белгилей кетсек, 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Бирок Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. Расмий түрдө согуш аракеттери кайра башталганы айтылган жок, ошол эле учурда АКШ Иран портторуна деңиз блокадасын киргизгени кабарланууда. Учурда ортомчулар сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын уюштурууга аракет кылып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан