Дүйнөгө белгилүү Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук кызматтан кетип, анын ордун 1-сентябрдан тарта Жон Тернус басат. Кук компанияны 2011-жылдан бери, Стив Жобс кызматтан кеткенден кийин жетектеп келген.
Жаңы дайындала турчу Тернус 50 жашта. Ал учурда Apple’де аппараттык камсыздоо боюнча вице-президент болуп иштеп жатат жана компанияда 2001-жылдан бери эмгектенет.
Маалыматка ылайык, Тернус айрыкча Mac компьютерлеринин сатылышын жандандырууда маанилүү роль ойногон.
Тим Куктун жетекчилиги учурунда:
• Apple компаниясынын акциялары болжол менен 20 эсеге өстү
• Apple Watch, AirPods, Apple Vision Pro сыяктуу жаңы продуктулар чыгарылды
• iCloud, Apple Pay, Apple TV, Apple Music кызматтары өнүктүрүлдү
Ошондой эле Кук компаниянын мамлекеттик байланыштарын көзөмөлдөөнү улантат, анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон иштерди да.
Бул өзгөрүү Apple үчүн жаңы этаптын башталышы катары бааланууда.