Биз социалдык тармакта

Эрдоган Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу аракетинде экенин айтты 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу аракеттери жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Түркия лидеринин басма сөз кызматына таянуу менен жазды.

Анда Эрдоган Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш тынчтык жолу менен аякташы керектигин белгилеп, Түркия сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо жана эки лидердин жолугушуусун уюштуруу үчүн иш алып барып жатканын айткан.

Мындан тышкары, түрк лидери Иранга байланыштуу кырдаалда да тынчтыкты жана дипломатияны колдой турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, учурда Украина менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүү болору күмөн бойдон калууда. АКШ менен Иран ортосундагы сүйлөшүү дагы ошондой эле таризде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан