Бүгүн, 26-январда Геомеханика жана жер түзүлүшүн изилдөө институтунун спорт залында “Кышкы жомок” аттуу иттердин улуттук көргөзмөсү болуп өттү.
Көргөзмөнүн уюштуруучусу Людмила Коровинская көргөзмөгө 40ка жакын породадагы 117 ит катышканын билдирди. Иттердин ичинен жеңүүчүнү аныктоону Новосибирскийден келген эксперт Ольга Лашкова колго алып, иттин көрүнүшүнө, ээсинин тапшырмаларын аткарганына жана жаштарына карап жеңүүчүлөрдү аныктады. Көргөзмөнүн аягында “Мыкты бэйби" (6 айга чейинки күчүктөр), “Мыкты күчүк“ (9 айга чейинкилер), “Мыкты юниор” (18 айга чейинкилер), “Мыкты ит” (15 айдан жогору) жана “Карыган иттер арасындагы мыкты ит” (8 жылдан жогоркулар) деген наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.