
Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Орусияда аны суракка чакырып жатышканын билдирди. Бул тууралуу Дуров кечээ, 22-апрелде өзүнүн Telegram каналына жазган.
"Орусияда мен 20 жыл мурун жашаган батирге "шектүү П.В. Дуровду чакыруу" деген кагаз келди",- деп билдирүү калтырган ал.
Ошондой эле Дуров Орусия аны сөз эркиндигин жана жеке кат алышуунун купуялуулугун коргогону үчүн айыптап жатканын белгилеп өткөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия бийлиги Дуровго карата "терроризмге көмөктөшкөн" деген айып менен кылмыш ишин козгогон.