Биз социалдык тармакта

Жылнаама: 1940-жылы опера ырчысы Болот Миңжылкиев туулган

Опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев 1940-жылдын дал ушул күнү Фрунзе шаарында туулган. Ташкенттеги мамлекеттик консерваторияны бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солист болуп кирген. Искусство институтунда окутуучулук да кылган.

Консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучуларынын биринчи сынагынын лауреаты болгон. Миландын Ла Скала театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. Ал көптөгөн операларда башкы ролдорду аткарган.

Концерттик программалар менен чыгып Москванын Чоң театрынын сахнасында, Санкт-Петербургдун академиялык опера жана балет театрында ырдаган. Болот Миңжылкиев эл аралык, Бүткүл союздук сынактардын катышуучусу жана Бүткүл союздук Ленин комсомолу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарынын ээси.

Ырчынын тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үнү менен дүйнөнүн көп жерине атагы кеткен. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Болот Миңжылкиев 2000-жылы 60 жашка караган курагында көз жумган.

23-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан