Биз социалдык тармакта

Дубайда ири метро долбоору: 42 чакырымдык жаңы линия курулат

Дубай шаарында коомдук транспорт системин кеңейтүү максатында ири долбоор — “Алтын линия” аттуу жаңы метро куруу пландалууда. Бул демилге мегаполистин инфраструктурасын жакшыртып, шаар тургундарынын жашоосун дагы да ыңгайлуу кылууга багытталган.

Чет элдик басылмаларда айтылгандай, жаңы линиянын узундугу 42 чакырымды түзүп, анын курамына 18 заманбап станция жана бир катар жер алдындагы туннелдер кирет. Метро шаардын 15 районун аралап өтүп, болжол менен 1,5 миллион адам жашаган аймактарды камтыйт. Бул өз кезегинде жол тыгындарын азайтып, күн сайын жумушка же окууга каттаган жарандардын убактысын үнөмдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор менен Мухаммед бен Рашид Аль Мактум тааныштырып, анын негизги максаты шаарды дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу борборлордун бири кылуу экенин белгиледи. Ал — Дубайдын эмири, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри болуп саналат. Ал социалдык тармактагы баракчасында бул долбоор миллиондогон адамдар үчүн жаркын келечекти курууга багытталганын да баса белгиледи.

Экономикалык жактан алганда да долбоор абдан ири болуп саналат. Анын жалпы баасы 34 миллиард дирхамга, башкача айтканда, 9,25 миллиард долларга бааланууда. Бул инвестиция транспорт системин гана өнүктүрбөстөн, шаардын жалпы экономикалык өсүшүнө да түрткү берет.

Курулуш иштерин 2032-жылы толугу менен аяктоо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан