Биз социалдык тармакта

Казакстанда 2 күндүк жамгырдан улам 500дөн ашуун мал кырылды (видео)

Казакстандын батышындагы Маңгыстау облусунда катуу жамгырдан улам эки күн ичинде массалык мал кырылуу катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде 237 баш мал өлгөн, алардын ичинде 100дөн ашык жылкы жана 100дөн ашык кой-эчки бар. Кийинки күнү 21-апрелде өлгөн малдын саны 316 башка чейин көбөйгөн.

Жалпысынан эки күн ичинде табият кырсыгынан 553 мал өлгөн. Алардын дээрлик жарымын жылкылар, калган бөлүгүн кой-эчкилер түзөт.

Маңгыстау облусунун акимчилиги учурда окуя болгон жерде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын билдирген.

Казакстанда 2 күндүк жамгырдан улам 500дөн ашуун мал кырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан