Бишкектин Октябрь районунун акими Камалидин Токтосартов 24-январда Асанбай жана 11-кичи райондордун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Октябрь районунун шаардагы кызматтарынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, “Бишкек башкы архитектура”, “Тазалык”, “Жашылдандыруу” ишканаларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Анда районду көрктөндүрүү, тышкы жарыктандыруу, сугат тармактарын оңдоо, бактарды санитардык бутоо, мыйзамсыз орнотулган соода павильондорун алуу жана башка маселелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында райондун тургундары көтөргөн маселелер жана сунуштар аткаруу үчүн кабыл алынды.