Тегеран бийлиги футбол боюнча Иран курама командасы 2026-жылы АКШда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышууга толук даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Associated Press басылмасы Иран өкмөтүнүн өкүлү Фатиме Мохаджераниге таянып жазды.
"Жаштар жана спорт министрлиги футбол боюнча улуттук курама команда 2026-жылы АКШда өтүүчү дүйнөлүк чемпиондукка катышууга толук даяр экенин билдирди. Ал үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөн",- деген Мохаджерани.
Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Паоло Замполли ФИФАга Иран курамасын плей-офф баскычында Босния жана Герцеговинага утулуп калгандан кийин турнирге жолдомо албай калган Италия курама командасына алмаштыруу сунушу менен кайрылганы маалымдалган.
Ал эми 16-мартта Ирандын Футбол федерациясынын башчысы Мехди Таж команда дүйнөлүк чемпиондукка катышууну пландабай жатканын билдирген. Ал ошондой эле оюндарды АКШдан башка жакка жылдыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан, бирок ФИФА мындай өзгөртүүлөрдү четке какты.
Чүчүкулак боюнча Иран "G" тайпасында Бельгия, Египет жана Жаңы Зеландия менен ойнойт. Ирандын эки беттеши Лос-Анжелесте, бирөө Сиэтлде өтөт.
Турнир ушул жылдын 11-июнунан 19-июлга чейин Түндүк Америкадагы үч өлкөдө өтөт.