АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча иштер улантылып жатканын билдирди. Бул тууралуу Трамп Ак үйдө журналисттерге маек берип жатып айткан.
"Биз Украинадагы жаңжалды чечүүгө аракет кылып жатабыз",- деген АКШнын лидери.
Ошондой эле Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан кастыкты "адаттан тыш" деп баалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Украинадагы согуштан алаксытып жатканын билдирип, Вашингтон Киевди эмес, Москваны көбүрөөк колдоп жатканын айткан болчу.