Биз социалдык тармакта

Рамзан Кадыровдун уулунун энергетикалык суусундуктары сатыкка чыкты

Чеченстан лидери Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров өзүнүн "K-13" энергетикалык суусундук брендин чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Рамзан Кадыров Грозныйдагы "Вкусдом" гипермаркетинин ачылышына катышып, анда энергетикалык суусундукту ичип көрүп, "эң мыкты" деп атаган.

Басылмалар Адам Кадыровдун достору социалдык тармактарга "K-13" деген жазуулары бар футболкаларды жана кепкаларды кийип түшкөн сүрөттөрүн бир нече жолу жарыялашканын белгилешет. Журналисттер бренддин биринчи тамгасы Кадыровдун фамилиясынын биринчи тамгасын билдириши мүмкүн дешет.

2012-жылы Чеченстандын башчысы энергетикалык суусундуктарды "мас кылуучу баңгизаттар" деп атаган. Беш айдан кийин Чеченстан парламенти энергетикалык суусундуктарды чекене сатуу үчүн айып пулдарды киргизген.

Рамзан Кадыровдун уулунун энергетикалык суусундуктары Чеченстанда сатыка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан