Иран Ормуз кысыгы аркылуу айрым өлкөлөрдүн кемелерине өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмадар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Тегерандын чечими менен Орусия, Индия, Ирак, Кытай жана Пакистан кемелери Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы акыркы бир нече жума бою жабык болуп келген.
Адистердин маалыматына караганда, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын болжол менен төрттөн бири ташылат. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө жеткирилген мунайдын бештен бири ушул деңиз жолу аркылуу өтөт.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык логистикадагы эң маанилүү түйүндөрдүн бири болуп эсептелет.