Башкы прокуратуранын 25-январда берген маалыматына
ылайык, Нарын облусунда мектеп директору 125 миң сомду өзүнө өткөрүп алган.
Көзөмөлдөө боюнча мекеменин маалыматында Ат-Башы райондук прокуратурасы
тарабынан “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамынын
негизинде Ак-Жар айылдык аймагында текшерүү жүргүзүлгөнү айтылат. Текшерүүнүн жыйынтыгында
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат
абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ишеним менен берилген мүлктү ээлеп
алуу же коротуу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон.
Аталган айылдык
аймагындагы мектептин директору С.У. 12 мугалимден мектептин чатырын алмаштыруу жана башка оңдоп-түзөө иштери үчүн 125 миң сом чогултуп алган. Чогултулган акчаны өзүнө
өткөрүп алганы боюнча Нарын облустук прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери
жүрүүдө.