Казакстандыктар арасында мунай менен дарылануу – "нафталанотерапия" популярдуу болуп баратат. Алар Нафталан шаарындагы санаторийлерге активдүү барып, дарылык процедуралардан өтүшүүдө.
Маалыматка ылайык, бул ыкмада "жетиле элек" мунай колдонулат. Ал өндүрүшкө жараксыз болгону менен, териге жана организмге дарылык таасир берет. Атайын ысытылган мунай ванна түрүндө колдонулуп, дарылоо курсу адатта бир жумага созулат.
Адистердин айтымында, мындай терапия псориаз, муун оорулары, нерв системасынын көйгөйлөрүнө жакшы жардам берет.
Акыркы жылдары казакстандыктар Азербайжан өлкөсүн эс алуу үчүн да көбүрөөк тандай баштады. 2025-жылы туристтердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөн. Өзгөчө ден соолукту чыңдоочу туризм популярдуу болсо, жаштар арасында концерттерге баруу да трендге айланып барат.