АКШнын логистика жана коопсуздук боюнча тобу алдын ала даярдык иштерин жүргүзүү үчүн Исламабад шаарына келип жайгашты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги расмий булактарга таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган топ Иран менен мүмкүн болуучу сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү максатында жөнөтүлгөн.
Ошол эле учурда дипломатиялык булактар Аббас Аракчи жума күнү кечинде Пакистанга келип, АКШ тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантарын билдиришти. Бул маалыматты "РИА Новости" да тараткан.
Дипломаттар аймактагы кырдаалдын чыңалуусу фонунда сүйлөшүүлөрдү улантуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын белгилешүүдө.