Сузак районунда 300 миң сомдон
ашык каражатты өзүнө өткөрүп алган чиновниктерге кылмыш иши козголду. Бул
тууралуу 25-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук
прокуратурасы Сузак районуна караштуу Багыш айылдык аймагында иштеген
жетекчилерге кылмыш ишин козгогон. Алар 2012-2013-жылдары каржы-бухгалтердик жасалма документтерди жасашып, 313 миң сомго ээ болушкан.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат
абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык ачылган иш
иликтенүүдө.