АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн атайын өкүлү Стив Уиткофф менен кеңешчиси, ошондой эле күйөө баласы Жаред Кушнерди Пакистанга жөнөтөт. Бул тууралуу CNN телеканалы Ак үйдөгү булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, делегация Пакистанда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Эгерде сүйлөшүүлөрдө оң жылыштар байкалса, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да Исламабадга барууга даяр экени айтылды.
Бул кадам АКШ менен Иран ортосундагы мүмкүн болгон дипломатиялык диалогду жандандырууга багытталганы белгиленүүдө.