Биз социалдык тармакта

Аракчи Пакистан, Оман жана Орусия менен АКШга байланышкан жаңжалды токтотууну талкуулайт

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Пакистан, Оман жана Орусияга болгон сапарынын алкагында бул өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жолугушууларда эки тараптуу мамилелерден тышкары АКШ менен болгон жаңжалды токтотууга багытталган аракеттер да талкууланат.

Багаинин айтымында, Иран делегациясы “АКШ жана Израил режими тарабынан таңууланган согушту токтотуу” жана Жакынкы Чыгыш аймагында тынчтык менен туруктуулукту орнотуу маселелерин көтөрөт.

Аракчинин бул сапары региондогу дипломатиялык диалогду күчөтүүгө багытталганы белгиленүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан