Индиядагы Дели аэропортунда жүргүнчүлөрдү ташыган учактын мотору күйүп, алты адам жабыркады. Бул тууралуу индиялык Economic Times басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя бүгүн Индира Ганди атындагы аэропорттун учуу тилкесинде катталган.
Учак Швейцариянын түндүгүндөгү Цюрих шаарына учушу керек болчу.
"Учуу учурунда учактын моторлорунун бири күйүп кетип, учкучтар каттамды токтотууга аргасыз болушкан. Анын ичиндеги жүргүнчүлөр эвакуацияланып, бир нече жүргүнчү ооруканага жаткырылды", - деп айтылат билдирүүдө.