АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн бардык тоскоолдуктарды, анын ичинде деңиз блокадасын алып салышы керек.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкян Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирген.
Ал Тегеран кысым же коркутуу менен диалогго барбай турганын баса белгиледи.
"Иран басым, коркутуу же блокада астында мажбурлап сүйлөшүүлөргө барбайт”, - деген өлкө лидери.
Ал Вашингтондун уланткан кысымы АКШнын Тегеран менен дипломатиялык сүйлөшүүлөргө баруу ниетине карама-каршы келерин белгилеген. Мындай карама-каршылыктар Иран коомчулугунда жана расмий адамдарында ишенбөөчүлүктү күчөтүп жатканын сөз кылган.
Белгилей кетсек, АКШ менен Ирандын ортосунда эки жумалык ок атышпоо 8-апрелде жарыяланган. Ок атышпоонун мөөнөтү аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү үчүн аны белгисиз мөөнөткө узартты. 12-апрелде Пакистанда өткөн АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү келишимсиз аяктаган.