Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан шайлоодон кийин кызматтан кетип, парламенттеги мандатынан да баш тартарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, ал "Фидес" партиясын мындан ары да жетектөөгө даяр.
Эскерте кетсек, 12-апрелдеги парламенттик шайлоодо анын партиясы жеңилип, оппозициядагы "Тиса" партиясы көпчүлүк орунду ээледи. Партия лидери Петер Мадьяр жаңы өкмөттү түзүп, жакында премьер-министр болуп кызматка киришери күтүлүүдө.