Малинин коргоо министри Садио Камара резиденциясына жасалган террордук чабуулдан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өкмөттүн басма сөз катчысы Исса Кулибалиге таянып жазышты.
"Ал кол салгандар менен кармашка чыгып, айрымдарын жок кылууга жетишкен. Бирок кийинчерээк алган жаракатынан улам ооруканада каза болду",- деп билдирген Кулибали.
Буга чейин айрым басылмалар министр "Жамаат Нусрат аль-Ислам валь-Муслимин" коалициясы тарабынан өлтүрүлгөнүн жазышкан.