АКШнын Алабама штатындагы Талладега шаарында өткөн NASCAR Cup Series жарышында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, чоң кырсык жекшембидеги NASCAR Cup Series Jack Link’s 500 жарышынын 115-айлампасында орун алган.
Кырсык жарыштын алдында бараткан Росс Честейн унаасы кокустан атаандашынын унаасына кагылышканда башталган. Бул окуя дароо домино сымал болуп, кесепетинен 27 спорт унаасы жабыркады. Бактыга жараша эч бир адам жабыркаган эмес.
Кырсыктан соң жарышты уланта албаган айдоочулар медициналык кароодон өткөрүлүп, үйлөрүнө чыгарылган.