Биз социалдык тармакта

ЖМК: Иран АКШга Ормуз кысыгы боюнча жаңы сунуш жолдоду

Иран Пакистан аркылуу АКШга Ормуз кысыгын ачуу жана согушту токтотуу боюнча жаңы сунуш жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, сунуш негизинен Ормуз кысыгынын айланасындагы кризисти жөнгө салууга жана АКШ киргизген блокаданы токтотууга багытталган. Мындан тышкары, ок атышууну узак мөөнөткө токтотуу же согушту толугу менен жыйынтыктоо талаптары коюлган.

Ошол эле учурда Иран бийлиги эки тараптуу сүйлөшүүнү аталган кысык ачылып, блокада алынгандан кийин өткөрүүнү сунуш кылган.

Ал эми Ак үй жогорудагы сунуштарды алганын тастыктап, бирок азыркы тапта ага макул эместигин белгилеген.

"АКШ мындай маселелерди маалымат каражаттары аркылуу талкуулабайт. АКШнын колунда күчтүү рычагдар бар, кандай гана келишим болбосун ал америкалыктардын кызыкчылыгында болушу керек. Иранга эч качан өзөктүк куралга ээ болууга жол берилбейт",- деп билдирген Ак үй.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан