Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинде бүгүн, 27-январда кыргыз-кытай чек арасындагы окуя талкууланат. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Жыйынга вице-премьер-министр Токон Мамытов, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана башкалар катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришет.
Эскерте кетсек, 23-январда кыргыз-кытай чек ара аймагында белгисиз 11 кылмышкер 1 токойчуну өлтүрүп, өздөрү өлтүрүлгөн болчу. Алардын Кытай тараптан келгендиги айтылган.