Румынияда аялдарды өмүрүнө кол салгандар үчүн жаза күчөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, мындай кылмыштар үчүн өзүнчө категория катары каралып, ал расмий түрдө "фемицид" деп таанылды. Бул тууралуу Румыниянын президенти Никушор Дан билдирди.
Анын айтымында, аялдарга карата зомбулук көп убакыт бою көз жаздымда калып келген, же жетишсиз деңгээлде каралган. Жаңы мыйзам мамлекеттин аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү кадам болот.
Мыйзамга ылайык, аялдарга карата жек көрүү же үй-бүлөлүк зомбулук негизинде жасалган өлтүрүүлөр үчүн 15 жылдан 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралат.
2025-жылдын алгачкы сегиз айында Румынияда үй-бүлө ичинде 33 адам өлтүрүү фактысы катталып, алардын көпчүлүгүндө курмандыктар аялдар болгон.
Буга чейин мындай кылмыштар кадимки адам өлтүрүү катары каралса, эми алар үчүн өзүнчө катаал жаза колдонулат.