Орусиялык ырчы Светлана Лобода социалдык тармактагы Threads платформасында казактын улуттук тамагы – бешбармактан даам таткысы келерин жазып, күйөрмандарынан кеңеш сураган.
Ал 25-апрелде Алматы шаарында өтө турган жеке концертине байланыштуу “кайсы жерде даамдуу бешбармак жесе болот?” деген суроо узаткан. Посту кыска убакытта 33 миң лайк жана 1500дөн ашык чакыруу топтогон.
Бирок күтүүсүздөн ырчы ресторанга барбастан, жөнөкөй алматылык үй-бүлөнүн чакыруусун кабыл алып, алардын үйүнө конокко барган. Ал Даурен жана Малика аттуу жубайлардын үйүндө болуп, алардын уулу менен да жакын таанышканын белгилеген.
Лобода үй шартында даярдалган жылкы этинен жасалган бешбармактан, айрыкча казыдан абдан таасирленгенин айтып бөлүшкөн.
Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.