Бүгүн, 27-апрелде Орусиянын Москва шаарында күтүүсүздөн кар жаады. Бул тууралуу орус басылмалары маалымдады.
Эртең менен шаарда кардын калыңдыгы 12 сантиметрге чейин жеткен. Синоптик Михаил Леус мындай көрсөткүч бул күн үчүн тарыхый рекорд экенин белгиледи. Анын айтымында, буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 10 сантиметр болгон.
"Мындай аба ырайына түндүк Атлантикадан келген күчтүү циклон себеп болгон. Ушундан улам аба ырайынын кооптуулук деңгээли "сарыдан" "кызгылт сарыга" көтөрүлдү", - деп кошумчалаган.
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Москвада кеминде 50 дарак кулап, бир нече унаа жабыркады. Айрым аймактарда жол кырсыктары катталып, электр жарыгысыз калды.
Бийлик өкүлдөрү тургундарды жана шаар конокторун коомдук транспортту колдонууга чакырышты. Ошондой эле самокат жана велосипеддерди ижарага берүү убактылуу токтотулду. Коммуналдык кызматтар жана тиешелүү адистер күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатканы кабарланды.