АКШнын президенти Дональд Трамп күчөтүлгөн коопсуздук чараларына муктаж, анткени ал америкалык тарыхтагы эң көп кол салууга дуушар болгон саясий фигуралардын бири болуп эсептелет. Бул тууралуу АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон биилдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Ал Трамп катышкан иш-чарада ишемби күнү болгон ок атуу окуясын комментарийлеп жатып, төмөнкүлөрдү айтты:
“Ал тарыхтагы эң көп чабуулга кабылган саясий фигура. Ал абдан чыдамкай, бирок күчөтүлгөн коргоого муктаж. Бул ири иш-чараларда коопсуздукту камсыз кылуу ыкмаларын өтө кылдат кайра кароого алып келет”, - деди Жонсон Fox News телеканалына берген маегинде.
Ошондой эле ал Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинин төрагасы Жеймс Комер бул окуядан кийин АКШнын Жашыруун кызматынын ишмердүүлүгүн баалоо башталганын, коопсуздук системасындагы жакшыртылуучу аспекттерди аныктоо пландалып жатканын кошумчалады.