Бүгүн, 27-апрелде Астана шаарында казак блогер Ерболат Жанабылов жана анын жубайы Эльмира Толегенова боюнча сот өкүмү жарыяланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, сотко чейин мамлекеттик айыптоочу позициясын жумшартып, айыпталуучулар менен келишим түзүлгөн. Буга чейин тараптарга 4 жылдык жаза суралган болсо, акырында жеңилирээк чара колдонулду.
Соттун чечими менен:
• Ерболат Жанабылов 2 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды;
• Эльмира Толегенова 2 жылга эркинен ажыратылып, минималдуу коопсуздуктагы мекемеде жаза өтөөгө өкүм кылынды. Ошондой эле анын мүлкү да конфискацияланды.
Белгиленгендей, Толегенованын жазасын өтөөсү 2 жылга жылдырылды. Мындай чечим анын жашы жете элек балдары бар экенине байланыштуу кабыл алынган.
Эске салсак, Жанабыловдор мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана кылмыш жолу менен алынган каражаттарды адалдоо беренелери боюнча айыпталган.