Кыргызстанда 6582 мөңгү катталган. Муну ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 27-январдагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Депутат билдиргендей, мөңгүлөр ээлеп турган аянт 8 миң чарчы метрден ашык.
“Кыргызстандагы мөңгүлөр өлкөнү гана эмес бүткүл Орто Азияны таза суу менен камсыздайт. Бул таза суунун эбегейсиз запасы”,- деген депутат мөңгүлөрдү коргоо учурдун талабы экенин айтты.
Иманкожоева кийин таза суу нефтиден да кымбат болорун да кошумчалады.