Мөңгүлөр жөнүндө мыйзам кабыл алынса “Кумтөрдө” эрип кеткен 2 мөңгү үчүн “Центерра” айып пул төлөйт

Мөңгүлөр жөнүндө мыйзам кабыл алынса “Кумтөрдө” эрип кеткен 2 мөңгү үчүн “Центерра” айып пул төлөөгө аргасыз болот. Муну ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Айтымында, айып пулдун өлчөмү атайын иликтөөлөрдөн кийин аныкталат.

“Башка өлкөлөр эмес бизде да суу тартыштыгы башталды. Суу талашуунун айынан жаңжалдар чыгууда. Мурда карагай акчу дарыяларда азыр чырпык да акпай калды. Бул суунун тартыштыгынан кабар берет. Айрым өлкөлөр мөңгүлөргө өзгөчө кам көрөт, аларды талкаламак турсун мөңгү турган жерден айланып өтүшөт”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан