Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде КРнын мөңгүлөрү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоева “учурда мөңгүлөрдүн баасын аныктоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин мындай нерсе болгон эмес. Ошондуктан “Кумтөрдө” эрип кеткен 2 мөңгүнүн чыгымына ар кандай суммалар айтылууда. “Центерра” “бул сумманы каяктан алдыңар?” деп макул болбой жатат. Мыйзам кабыл алынса кошумча жоболор иштелип чыгат”,- деп билдирди.
Мыйзам мөңгүлөрдү талкалаган жактарга айып пул салууга, суунун корун сактап калууга багытталууда.