Биз социалдык тармакта

Жылнаама: Голливуддун музасы Пенелопа Крустун легендарлуу карьерасы

Испан киносунун иконасы, дүйнөгө таанымал актриса Пенелопа Крус быйыл 52 жашка толду. Жарым кылымдык өмүрүндө ал искусствонун бир нече тармагында өзүн сынап, Голливудду багындырган сейрек таланттардын бири болуп калды.

Балалык чагы жана үй-бүлөсү

Пенелопа Крус 1974-жылы 28-апрелде Испаниянын Алькобендас шаарында төрөлгөн. Атасы автомеханик, апасы чачтарач болгон. Үч бир туугандын улуусу болгон актрисанын иниси Эдуардо Крус - ырчы жана композитор, ал эми сиңдиси Моника Крус - актриса жана бийчи.

Балалыгы апасы иштеген чачтарачканада өткөн. Ал жерде сабак окуп, кардарлардан ар кандай окуяларды угуп чоңойгон.

Балеттен башталган жол

Кичинекей кезинен тарта бийге кызыккан Пенелопа 4 жашынан баштап балет менен алектене баштаган. Ал 9 жыл бою тынымсыз машыгып, күнүнө бир нече сааттан тер төккөнүн эскерет.

Кийинчерээк ал балетти жөн гана бий эмес, актёрдук чеберчиликке алып барган жол катары баалаган.

Алгачкы кадамдар: Шоу-бизнеске кириши

14 жашында актрисалык жолду тандап, бир жылдан кийин агенттикке кабыл алынган. Алгач Mecano тобунун клибине тартылып, андан соң өспүрүмдөр үчүн телешоонун алып баруучусу болгон.

Кинодогу дебюту “Хамон, хамон” фильми менен башталган. Бул ролу үчүн ал “Гойя” сыйлыгына ээ болуп, бат эле Испаниянын секс-символуна айланган.

Голливудду багындыруу

1990-жылдардын аягында Пенелопа Крус Голливудга аттанган. Башында англис тилин жакшы билбегени менен, ал өзүн өнүктүрүп, дүйнөлүк кино индустрияда ордун таба алган.

Ал Педро Альмодовар менен иштешүүнү кыялданып, кийин бул тилегине жеткен. Режиссёр аны өзүнүн музасы деп атаган.

Актрисанын ийгиликтүү тасмаларынын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • “Вики Кристина Барселона”
  • “Кайтуу”
  • “Бандиттер”
  • “Ваниль асманы”
  • “Параллель энелер”

“Вики Кристина Барселона” тасмасындагы ролу үчүн ал “Оскар” сыйлыгына татыган жана бул сыйлыкты алган алгачкы испан актрисасы болуп тарыхта калган.

Жеке жашоосу жана талкуу жараткан романдар

Сулуулугу жана харизмасы менен айырмаланган актриса көптөгөн белгилүү актёрлор менен мамиле курган.

Анын сүйүү тарыхында Мэтт Дэймон, Николас Кейдж, Том Круз, Мэтью Макконахи сыяктуу Голливуд жылдыздары бар. Бул мамилелердин айрымдары башка жылдыздардын ажырашуусуна да себеп болгондуктан, актриса “Голливуддун үй-бүлө бузуучусу” деген атка конгон.

Чыныгы сүйүү жана үй-бүлө

Узак изденүүдөн кийин актриса өз бактысын актёр Хавьер Бардем менен тапкан. Экөө алгач “Хамон, хамон” тасмасында таанышып, 2007-жылы мамиле кура башташкан.

2010-жылы баш кошкон жубайлар учурда бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.

Модель жана коомдук ишмердүүлүк

Пенелопа Крус актрисалыктан тышкары модель катары да чоң суроо-талапка ээ. Ал дүйнөлүк бренддердин жүзү болуп, сиңдиси менен биргеликте Мадридде мода дүкөндөрүн иштетет.

Мындан тышкары, кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, муктаж адамдарга жардам көрсөтүп келет.

Кызыктуу фактылар

- Бир нече тилде эркин сүйлөйт: испан, англис, француз жана итальян

- Уйкуну жакшы көрөт — узак убакыт уктаганы менен белгилүү

- Бир мезгилде вегетариан болуп калган

- Кээде ашыкча соода кылууга жакын экенин жашырбайт.

Бүгүнкү күнгө карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан