Орусиянын Москва шаарында курулуп жаткан имараттан чыккан өрттөн үч адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, кырсыктан 31 адам куткарылып, алардын ичинен жетөө жаракат алган.
Учурда имараттын экинчи кабатынан адамдарды эвакуациялоо иштери уланууда. Өрттүн кесепеттерин жоюуга өзгөчө кырдаалдар кызматынын 120дан ашык кызматкерлери жана 30га жакын техника тартылган.