Биз социалдык тармакта

Жылнаама: 2015-жылы казак жана орус эстрада ырчысы Батырхан Шукенов 52 жашында каза болгон

Казак жана орус эстрада ырчысы, музыкант, саксофонист, композитор Батырхан Шукенов жүрөк оорусунан улам өзүнүн Москвадагы батиринде саат 23:00 чамасында каза болгон.

Ырчы менен анын Москвадагы күйөрмандары 29-апрель күнү Боткин атындагы оорукананын астынан коштошушкан. Андан кийин маркумду ырчынын агасы жана жакын достору учак менен Алматыга алып келип, 1-май күнү Казак улуттук филармониясында Батырхан Шукенов менен коштошуу зыйнаты өткөрүлгөн.
Ырчы Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында туулган.
Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчу. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга келе берген.
1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен казакстанда "Арай" тобун түзүшкөн. Аталган топ башында Роза Рымбаева менен чогуу иштечү. Кийин топ аталышын "Алма-Ата А`Cтудио", "А`Cтудио" деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү "Рождестводогу жолугушуулар" концерт-фестивалына катышууга чакырат.
Ошондон тартып "А`Cтудио" тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Шукенов аткарчу. "Нелюбимая", "Жулия", "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни" сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт. 2000-жылы Шукенов "мекениме кызмат кылуум керек" деп Алматыга кайтып, жеке ырчыга айланган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.
28-апрелдин жылнаамасы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан