Түркия Израилдин президенти Ицхак Герцог учуп бара жаткан учакка аба мейкиндиги аркылуу өтүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Израилдин президенти Казакстандын Астана шаарына багыт алган. Бирок Түркия бийлигинин чечиминен улам учактын багыты өзгөртүлүп, Орусия аркылуу учуп өткөн.
Буга чейин чет элдик басылмалар Түркия Израилдин расмий делегацияларын ташыган учактарга жана курал-жарак жүктөлгөн бортторго өз аба мейкиндигин жапканын жазышкан.