Ош. Айтмамат Кадырбаев: “Жылуулукка болгон төлөмдү арзандатсак, электр энергиясын уурдоолор азаят”

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош жылуулук электр борборунун кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу  бүгүн, 27-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда шаар башчы “Тургундар кыш мезгилинде электр энергиясын үйдү жылытуу үчүн да колдонуп жатканын билебиз. Мындан улам электр энергиясына күч келип жатат. Эгер биз жылуулука болгон төлөмдү арзандатсак,  электр тармактарындагы уурдоолор, жоготуулар аз болмок" деп билдирди.

Ошондой эле жашоочуларга жылуулук берүү токтотулбашын айтып,  көйгөйлөр болсо чечип бере тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 232 көп кабаттуу үй, 10 бала бакча, 20 мектеп, 5 жогорку окуу жайы жылуулукту пайдаланышат. Ош жылуулук электр борборунун башчысы Анарбек Аттокуровдун маалыматында, быйыл 47 көп кабаттуу үй жылуулукка туташтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан