Биз социалдык тармакта

Бишкекте 5,5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Бишкек шаарында 29-апрелде электр энергиясы үчүн карызы бар 5,5 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.

Ишкананын маалыматына ылайык, жарык өз убагында төлөнбөгөн абоненттердин электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Жарандар жана уюмдарга карызды кечиктирбей төлөө чакырыгы жасалды.

Абоненттер өзүнүн жеке эсебин Бишкек электр тармактары ишканасынын расмий сайтындагы “Абоненттин балансы” бөлүмү аркылуу же “Менин жарыгым” мобилдик тиркемеси менен текшере алышат.

Ошондой эле маалымат алуу үчүн 1209, 105, 0772/0556 00 12 09 номерлерине чалууга же 0702 001209 WhatsApp номерине жазууга болот.

Төлөм жүргүзүү үчүн жарандар терминалдарды, электрондук капчыктарды колдонсо болот же “Кыргызпочтасынын” бөлүмдөрүнө барып төлөөгө мүмкүнчүлүк бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан