Чет элдик маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Израил авиациясы Ливандын түштүгүндө куткаруучулар тобуна жана аскердик патрулга сокку урган.
Ливан армиясынын маалыматына ылайык, окуя Маждаль-Зун аймагында, Тир округунда болгон. Куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда аскерлер менен жарандык коргонуу тобу жана эки экскаватор иштеп жаткан.
Соккунун натыйжасында эки аскер жаракат алгандыгы айтылды.
Ошондой эле буга чейин жергиликтүү аскердик булактар Түштүк Ливандагы сегиз калктуу конушка жана Тир шаарынын чыгыш райондоруна да аба соккулары жасалганын билдиришкен.