Парламентте бийик тоолуу айылдардын тизмесин аныктоо үчүн комиссия түзүү сунушталууда. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Абдимуталип Кочкорбаев бийик тоолуу аймактарды тактоодо калыстык болбой жатканын айтты. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бийик тоолуу айылдарга деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте орун алган калктуу конуштар кирет. Ал айылдарда жашап, иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого алынат. Мисалы, эркектер 55 жаштан пенсияга чыга алышат.
Соцфонддун тизмесинде учурда бийик тоолуу деп эсептелген 338 айыл бар.