АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкөнүн көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына карата америкалык паспорттордун жаңы сериясын чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Fox News басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жаңы дизайндагы паспорттун бетине АКШнын президенти Дональд Трамптын сүрөтү жана кол тамгасы түшүрүлөт. Мындан тышкары, документте АКШнын желеги жана көз карандысыздык декларациясына арналган белгилүү сүрөт жайгаштырылат.
Департамент билдиргендей, мындай паспорттор Вашингтондогу агенттик аркылуу берилет, ал эми онлайн же башка бөлүмдөр аркылуу тапшыргандар кадимки дизайндагы паспорт алышат.
Паспортторду ушул жайда чыгаруу пландалып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын юбилейине карата президенттин кол тамгасы бар 100 долларлык банкноттор жана анын сүрөтү түшүрүлгөн алтын тыйын чыгаруу пландалып жатканы айтылган.